
Кыргызстандык студенттер жана окуучулар финансы коопсуздугу боюнча олимпиадада байгелүү орундарды ээледи.
Кыргызстандык студенттер жана окуучулар Красноярск шаарында өткөн V Эл аралык каржылык коопсуздук олимпиадасында үч номинацияда байгелүү орундарды алышты. Руслан Байсалов СНГ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында биринчи орунду ээлеп, ноутбук менен сыйланды. Олимпиаданын жыйынтыгында Мадагаскар менен каржылык коопсуздук боюнча билим берүү программалары чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу макулдашылды.








