Акылбек Жапаров: Кумтөрдүн үч жыл ичиндеги таза кирешеси 1 миллиард 770 миллион доллардан ашты
Мамлекеттик менчикке өткөндөн берки үч жылга жетпеген убакытта Кумтөр долбоорунун таза кирешеси 1 миллиард доллардан ашты. Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы жаңы ыкмалардын аркасында экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктар корголууда. 2,5 жылдын ичинде 38 тонна алтын казылып, 291 миллион доллар дивиденддер алынган, бул мурунку көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Эбегейсиз зор потенциалы бар 5000ден ашык пайдалуу кендерди таап, геологиялык изилдөөлөргө жумшалган инвестиция 1 миллиард сомду түздү.