Тег Маданият ишмерлери

Бишкекте Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык колледжинин 85 жылдык мааракеси белгиленди.

Кыргыз улуттук филармониясында Муратала Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 85 жылдыгы белгиленди. Маданият министринин орун басары билим берүү мекемесинин кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилесе, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары окуу жайдан өлкөнүн сыймыгына айланган 5 миңден ашык адистер даярдалганын баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп кызматкерлери эмгектери үчүн сыйланышты.

Кыргызстандын маданият ишмерлери Өзбекстан Республикасынын Эл жана Эмгек сиңирген артисти наамдарын алышты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын маданият өкүлдөрүнө Эл жана Эмгек сиңирген артист наамдарын ыйгарды. Бул сыйлыктар эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана бир туугандыкты чыңдоого кыргыз инсандарынын кошкон салымын баалайт.