10-августта Кыргызстанда 4 балл күчүндөгү жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Талас облусунун Ынтымак айылынан 26 км түштүк-чыгышта, Талас шаарынан 43 км батышта орун алган. Жер титирөөнүн күчү Маданият, Ынтымак жана Козучак айылдарында 3 балл, Атай Огонбаев, Калба айылдарында жана Талас шаарында 2,5 балл болуп белгиленди.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев "Ортолук Азиянын Ренессансы: Туруктуу өнүгүү жана гүлдөгөн жол" аттуу макаласында Ортолук Азиянын өнүгүү жолдорун жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты баяндап, аймактын уникалдуу идентичдүүлүгүн, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана жаштардын ролун баса белгилейт. Токаев, Ортолук Азия өлкөлөрүнүн биримдиги жана кызматташтыгы аркылуу аймактын келечегин бекемдөө зарылдыгын белгилеп, экономикалык, саясий жана маданий интеграциянын маанисин түшүндүрөт.