Бишкекте бензинди мыйзамсыз сатууга каршы рейд өттү
Бишкекте бензинди уруксатсыз сатууга каршы рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 7 эреже бузуучу аныкталып, 1,3 тонна күйүүчү май алынды. Сатуучулар коопсуздук жана экологиялык коркунучтар тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурушкан эмес.