Парламент Медербек Сатыевди Жогорку Соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдоп, ага 78 депутаттын 75и “макул” деп добуш беришти. Бул кызматка дайындоо боюнча сунушту президенттин туруктуу өкүлү киргизген.