
Кыргызстанда этке бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу узартылды
Кыргызстанда эттин, анын ичинде сиыр жана кой эттеринин баасын мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул чаралар баанын өсүшүн алдын алуу, спекуляцияларды тыюу жана эт базарындагы абалды стабилдештирүү максатында кабыл алынган. Ошондой эле, элге бул социалдык маанилүү азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн көрүлгөн.








