
КРде 2020-2024-жылдары 11 импорттолгон безгек учурлары катталды: Жарандарды алдын алуу чараларын көрүүгө чакырышты
КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кан соргуч курт-кумурскалар аркылуу жугуучу инфекцияларга каршы алдын алуу чараларын сактоого чакырат. Чикунгунья вирусу, Зика жана башка оорулар коркунуч туудурат. Эндемикалык аймактарга баруу алдында алдын алуу чараларын көрүү сунушталат.
