Тег Мамлекеттик бажы кызматы

Мамлекеттик бажы кызматы менен Ички иштер министрлиги тарабынан 9 айда баңги кылмыштарынын 38 фактысынын бети ачылды.

2024-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 38 баңги кылмышы аныкталып, анын жүрүшүндө 22 килограммдан ашык марихуана, 40 килограммга жакын гашиш жана 2 килограммдан ашык апийим алынган. Ошондой эле психотроптук заттар жана зыяндуу калдыктар табылган.

Ошто кинологдор менен кызматтык иттердин мелдеши өткөрүлдү – фото

Ош шаарында кинологдор жана алардын кызматтык иттеринин ведомстволор аралык III мелдеши аяктап, анда УКМКнын Чек ара кызматынын командасы жеңишке жетишти. Мелдеш үч күн бою өттү, анын ичинде баңгизаттарды табуу жана буйруктарды аткаруу боюнча түрдүү тесттер. Жеке таймашта прапорщик Н.Султанов ити Күн батышы менен мыкты болду. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

“Ак-Марал” пансионаты бажы кызматынын карамагына өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Ляззат» ЖЧКсын башкаруу ыйгарым укуктарын Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүп берди. «Ак-Марал» пансионаты кримтөбөлдөрдөн алынып, анын акциялары аукциондо сатып алуучуларды тапкан эмес.

“Манас” аэропортунан компьютерлерди жана стоматологиялык буюмдарды аткезчилик жол менен ташып келе жаткан жаран кармалды

Манас аэропорту контрабанда карши курошуу болумунун кызматкерлери кореялык zharan H. G.ny stomatologylyk buyumdardy zhana 761 computerdi myyzamsyz alyp otuu araketinde karmashty. Товарлардын баасы 3 198 465 сомду түздү, бажы төлөмдү 844 744 сомго жетет. Окуя боюнча материалдар Башкы прокуратура откорулду.

“Кыргызстанга Chevrolet Cruze унаасын мыйзамсыз алып келүү аракети”

"Северная" темир жол бажысы Түштүк Кореядан Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унааны алып келүүдө мыйзам бузууну аныктады. Автоунаа өз убагында берилбей, Кара-Суу районунун тургунунан табылган. Келтирилген чыгым дээрлик 891 миң сомду түздү.