Тег мамлекеттик чек ара

Матраимов бюджетке 200 миллион доллар которгон, деп билдирет Ташиев

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, бейбаштык жана арам акчаны адалдаган деп айыпталган Раим Матраимов 200 миллион доллар төлөп, үй камагына бошотулган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 8 айга созулган тергөө иштери аяктаганын жана алдыдагы соттук териштирүүнү жарыялап, Матраимов 19,5 миллиард сом, анын ичинде базар баасынан төмөн бааланган мүлктөрүн төлөгөнүн белгиледи.

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселелери талкууланды

Баткенде чек араны тактоо комиссиясынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусу өтүп, анда чек ара маселелери талкууланып, жер-жерлерде иликтөө иштери жүрдү. Сүйлөшүүлөр протоколго кол коюу менен аяктады.