Тег Мамлекеттик курулуш агенттиги

Ысык-Көлдө жабыр тарткан Темировка айылынын тургундарына үй курула баштады

Ысык-Көл районунда август айында селден жабыркаган Темировка айылынын тургундары үчүн беш турак жайдын курулушу башталды. Кырсыктан жапа чеккен 301 кожолуктун 29у оңдоого жараксыз. Бул үй-бүлөлөрдүн ар бирине 1 миллион сомдон бөлүнсө, кесепеттерин жоюуга мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнгөн. Курулушту түркиялык Royalsafa компаниясы жүргүзүүдө.