Тег мамлекеттик кызматкерлер

Бишкекте санитардык нормаларды бузган фарш цехтери аныкталды

Бишкекте этти мыйзамсыз жүгүртүүгө жана мал уурулукка каршы күрөшүүгө багытталган “Ветеринардык көзөмөл-мал уурулук” рейддери өткөрүлдү. Базарлар, мал союучу жайлар жана цехтер текшерилип, ветеринардык нормалардын бузулушу аныкталган. Ветеринардык кызмат пландан тышкаркы текшерүүлөрдү баштаган.

“Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ипотека программасы кабыл алынды. Ал мурдагысынан чем айырмаланат?

Үч жыл ичинде биз мамлекеттик ипотека программасын ишке ашыруу темпин жогору көтөрдүк, ошондуктан жаңы турак-жай программасы кабыл алынды", - деди 6-августта пресс-конференцияда Тилек Джеембаев. Жаңы программада бардык жарандар мамлекеттик ипотекага катыша алат, ал эми мурда мамлекеттик кызматкерлер гана катыша алчу. Учурда 30 миң жаран ипотека алуу үчүн кезекте турат, ал эми 100 миң киши арыз берүүнүн жараянында. Жаңы программанын максаттары кеңейтилип, 15 миңден 40 миңге чейин үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу пландары бар. Ошондой эле, жаш курак чеги 18 жашка түшүрүлүп, курулуш көлөмү 2 млн квадрат метрге чейин көбөйтүлдү. Программа аяктагандан кийин 2 млн квадрат метрден ашык турак-жай куруу күтүлүүдө.