Бишкек шаардык мэриясы “Ак-Кула” ипподромун бузууга тендер жарыялады
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Кула ипподромун бузууга дээрлик 40 миллион сомго тендер жарыялады. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 18-ноябрга чейин. Анын ордуна турак-жай комплексин, балдар бакчасын, мектептерди, сейил бактарды куруу пландалууда.