
Президент КР: Эки жылда өлкөдө 200дөн ашык ишкана ачылып, 5 миң батир берилди
Президент Садыр Жапаров Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп, акыркы эки жылда өлкөдө 200дөн ашуун жаңы ишкана ачылып, 5 миңден көп батир ипотекалык программалар аркылуу берилгенин белгиледи. Ал жумуш орундарын түзүү жана жарандарыбызды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги саясаты экенин айтты. Жаштар үчүн турак жай маселеси - бул социалдык чара эмес, өлкөнүн туруктуулугун бекемдөөчү мамлекеттик саясат, деп кошумчалады.








