Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Тил тагдыры – эл тагдыры” сынагы өттү. Катышуучулар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин өлкө тарыхындагы ордун баса белгилеген дубал гезиттерин, кичи спектаклдерди даярдап, ырларды окушту.
КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өткөргөн жыйында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси каралды. Катышуучулар аны коомдо колдонууну кеңейтүү жолдорун, терминологияны унификациялоону жана окутуунун сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн талкуулашты.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Hemotest KG” лабораториясына расмий сайтта мамлекеттик тилди колдонууга байланыштуу “Жарнак жөнүндө” КР мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салды.