Нарында салык кызматынын эки кызматкери кармалды
Нарында Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Алар салык төлөөдөн качкан ишкерлерге жеңилдиктерди берип, андан 9,1 миллион сом зыян тарткан. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.