Тег манасчы

Өзбекстанда Кыргыз улуттук “Манас” театрынын филиалы иштей баштады

Ташкент облусунда кыргыз Манас театрынын филиалы ачылып, кыргыз-өзбек достугун бекемдеген көркөм окуу жарышы өттү. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана Бишкек шаарында өтүүчү эл аралык сынакка жолдомо тапшырылды.

Таласта “Манас” эпосу боюнча үч күндүк спектакль болот

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата Талас районунда “Урааным Манас” манасчы фестивалы ачылды. Үч күн бою өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 17 манасчы “Манас” эпосун айтышат.

Депутат эпос “Манас” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Депутат Мирлан Самыйкожо "Манас" эпосуна байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган долбоорго ылайык, мамлекет кыргыз элинин арасында "Манас" эпосунун трилогиясын терең изилдөө үчүн шарттарды түзөт. Бул өзгөртүүлөр манасчынын чыгармачылыгын өнүктүрүү, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, билим берүү мекемелеринде "Манас" трилогиясын окутуу жана анын тексттерин сактоо боюнча бир катар чараларды камтыйт.