
Садыр Жапаров эркектер менен аялдар арасында мандаттарды бөлүштүрүү эрежелерин түшүндүрдү
Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамында гендердик тең салмактуулукту сактоо үчүн депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тартибин түшүндүрдү. Ар бир округда үч мандат бар, алардын бири аялдар үчүн. Эгерде аялдар үч орунду тең ээлесе, үчүнчүсү эркекке берилет. Депутаттык орун бошогондо, кошумча шайлоо өткөрүлбөйт, мандат кийинки талапкерге өтөт.