Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган жаңы почта маркасы
Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата почта маркасын жокко чыгаруу аземи өттү. Иш-чаранын катышуучулары чыгаан инсандардын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилешти. Марка тарыхты урматтоонун символу болуп, филателисттердин коллекцияларында маанилүү орунду ээлейт.