Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу күйүүчү майга мамлекеттик маркировкалоо системасы ишке кирди
1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамдуу жүгүртүүсүн камсыз кылуучу күйүүчү майдын бардык түрлөрүн милдеттүү маркировкалоо күчүнө кирди. Бизнеске бирдей шарттарды түзүүгө жана кара ниет атаандаштыкка каршы күрөшүүгө багытталган долбоордун оператору “Учкун” ААКсы болду. Колдонулган молекулярдык маркер сертификацияланган жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз. Эл аралык эксперттер менен иштелип чыккан программа азыртан эле жигердүү ишке ашырылып, рыноктун негизги катышуучулары тарабынан колдоого алынууда.