Тег Маршруттук

Караколдогу маршрут айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды — УКМК

Бишкек, 01.10.25. Ысык-Көл облусунда маршруттук такси айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылган мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Кармалгандардын арасында жетекчилер жана инспекторлор бар. Тергөө уланууда.

Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарга 12 маршруттук линия каттай баштады

Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарга 12 маршруттук линия каттай баштады. Бул маршруттарга муниципалдык автобустар №6, №9, №53 жана маршруттук кичи автобустар №109, 113, 127, 138, 141, 157, 154, 133 кирет.

Бишкекте коомдук транспорттун 90% автобус болуп саналат

Учурда Бишкек шаардык транспортунун балансында 1407 автобус бар. Январда Түркиядан 68 автобус келип, күн сайын 1200 автобус 58 маршрутта иштейт. Азыр муниципалдык транспорт 90% түзөт, ал эми жеке маршруттук таксилер 10% гана.

Бишкекте “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды

Бишкекте арзан жана коопсуз аба каттамдарын камсыздоо максатында түзүлгөн “Асман” авиакомпаниясынын кеңсеси ачылды. Авиакомпания Dash 8 Q400 учактарын колдонуу менен тейлөөнүн сапатына жана заманбап коопсуздук стандарттарына көңүл буруп, Кыргызстан боюнча каттамдар тармагын өнүктүрүүдө. Жаңы кеңсе кардарлар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртат.