Тег мас абалында айдоо

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын атайын бөлүгү бүгүн кечинде ири рейд өткөрөт.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган масштабдуу рейд өтүүдө. Иш-чаранын максаты - жол кырсыктарынын алдын алуу жана бөгөт коюу. Бардык унаалар текшерүүдөн өтүп, эреже бузган айдоочуларга катуу чара көрүлөт. Рейдге жергиликтүү журналисттер да катышууда.