Тег материалдык зыян

Ат-Башы райондук маданият башкармалыгында 16 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда капиталдык курулуш башкармалыгында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Прокуратура кызмат адамдары бүтпөгөн иштер үчүн мыйзамсыз акча которуп, жабдуулардын баасын жогорулатып, мамлекетке 1,6 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин аныктаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Баткенде курулуш компаниясынын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Баткенде курулуш компаниясынын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Турак жайларды куруу боюнча милдеттенмесин аткарбай, курулуш материалдарын төлөбөй, 1 миллион 400 миң сомдон ашык зыян келтирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Ала-Букада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 10 иш козголду

Ала-Бука районунда курулуш иштери бүтө электе подрядчиктердин эсебине мыйзамсыз акча которгон кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Мамлекетке 56 миллион сомдон ашык зыян келтирилип, анын бир бөлүгү кайтарылып берилген.

Эки баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу дарыланууга акча төлөгүсү келген жок – сот чечим чыгарды.

Бишкекте No18 автобус эки баланы сүзүп кетти, айдоочу дарылануудан баш тартты. Сот аны күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө эркинен ажыратты, бирок жабырлануучуларга келтирилген зыян жарандык сот тартибинде өндүрүлүшү керек.

Лейкоз менен ооруган адам 74 миң доллар алдамчылыктын курмандыгы болду, бирок “жоголгон” иш маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин табылды

Алдамчылыктын курмандыгы болгон бизнесмен оорусунан улам укугун коргой албай калган. Адвокат Индира Саутова маалымат каражаттарына кайрылгандан кийин кылмыш иши мурда жоголду деп жарыяланганы менен табылды. Шектүү камакта, бирок келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси ачык бойдон калууда.

Сот эки жашар баланы өлтүргөн эне менен өгөй атанын жазасын жеңилдетти

Аламудун районунун соту эки жашар баласынын олуму боюнча ишти карап. Судья Шумкарбек Жусупбаев баласынын атасынын өлүмүнө байланыштуу жазы женилдетип, эки жыл алты айга эркинен ажыратты. Мындан тышкари, баланын энеси психиатриялык дарыланга жєнєтїлдї. Тараптар соттун чечимин адалсыз деп эсептешет.