Тег медиа

Кытайда 6-Дүйнөлүк медиа саммити башталды

6-Бүткүл дүйнөлүк медиа саммити Үрүмчүдө өтүп жатат, ага 106 өлкөдөн 208 ЖМК жана уюмдан 500дөн ашык катышуучу катышууда. Талкуунун темасы жасалма интеллект жана анын медиа трансформацияга тийгизген таасири болду.

Аэропорттун трассасында жарышып баштаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Бишкекте "Манас" аэропортуна баруучу трассада мыйзамсыз жарышка катышкан BMW унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы мыйзам бузууларга активдүү чара көрүп, жарандарды мындай окуялар тууралуу билдирүүгө үндөйт.

ATNA логотип дизайн сынагында “Кабар” добушту жеңип алды

“Кабар” маалымат агенттиги Түрк маалымат агенттиктеринин альянсы (ATNA) үчүн логотип дизайн сынагында жеңүүчү болду. Дизайнер Жээнбек Сагыналиев иштеп чыккан логотип түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланышты жана маалымат алмашууну чыңдоо максатында түзүлгөн альянстын мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жактырылды.

Кыргызстанда 36 миң мугалим санарип сабаттуулугун жогорулатты

Кыргызстанда 36 миң мугалим санариптик сабаттуулук боюнча курстардан өтүп, компьютер жана Google продуктулары менен иштөө көндүмдөрүн өздөштүргөн. Тренинг медиа сабаттуулукту жана санариптик жарандыкты камтыйт, бул мугалимдерге МКТны билим берүү процессине эффективдүү киргизүүгө жана онлайн платформалар аркылуу студенттер менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мамлекеттик тил күнүн майрамдоого катышты

Бишкекте Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев улуттук өзгөчөлүк үчүн тилдин маанисине токтолуп, аны окутуунун заманбап ыкмаларын колдонууга чакырды. Ал кыргыз тилиндеги мазмунду көбөйтүү жана тилди турмуштун түрдүү чөйрөлөрүндө активдүү колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Байге фонду 10 миллион сомду түзгөн ЖМКлар үчүн президенттик сынакка арыздарды кабыл алуу уланууда

Кыргызстанда президент тарабынан журналистиканы жана ЖМКны колдоо максатында түзүлгөн сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда. Катышуучулар 1-октябрга чейин үч номинация боюнча арыз бере алышат жана жеңүүчүлөр 7-ноябрда жарыяланат. Байге фонду 10 миллион сомду түзүп, 10 номинация боюнча ар бири 1 миллиондон. Сынак түрдүү тармактардагы жетишкендиктерди таануу жана өлкөнүн аброюн бекемдөөгө багытталган.

Москвада БРИКСтин 7-медиа саммити башталды

БРИКСтин медиа саммити Москвада башталып, ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 60тан ашык маалымат каражаттары катышууда. Катышуучулар өз ара аракеттенүүнүн туруктуулугун жана технологиялык аспектилерин бекемдөөдө медиа коомчулуктун ролун талкуулашат. ТАССтын генеральный директору адилеттуу дуйнелук тартипти тузуу боюнча аракеттерди координациялоонун маанилуулугун баса белгиледи. Негизги иш-чаралар 14-15-сентябрда өтөт, анын ичинде технологиялык трансформация боюнча панелдик талкуу болот.

Ташкентте коррупцияга каршы күрөштө маалымат каражаттарынын ролу талкууланды

Ташкентте Коррупцияга каршы эл аралык медиа форум болуп, ар кайсы өлкөлөрдөн журналисттер менен эксперттердин башын бириктирди. Негизги көңүл коррупция менен күрөшүүдө жана коомдогу ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролуна бурулду. Катышуучулар коррупция маселелерин чагылдыруунун жаңы ыкмаларын жана журналисттик иликтөөнү өнүктүрүүнү талкуулашты.

Маалымат согуштары: чет элдик агенттердин жана провокаторлордун иштөө механизмдери

Кыргызстандын маалыматтык мейкиндиги акыркы убакка чет олко гранттарына коз каранда болгон “кызгылт пони” медиалардын таасирине дуушар болду. Алар коомчулукка жалган маалыматтарды таратып, чагымчылдыкты кучотудо. Мындай корунуштор олконун туруксуздугуно коркунуч туудурат, анткени чет олколук агенттердин максаттары олкон болуп-жаруу жана интеграциялык протсессерлерди токтотуу болуп саналат. Мыйзамсыз маалыматтардын таралышы менен коомдо чагымчылдык жаралып, жарандарын ортосундагы ынтымакка жалакасын тиггизүүдо.