Тег медициналык мекемелер

Жогорку Кеңештин депутаттары республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карашты

Жогорку Кеңеште 2024-2027-жылдарга республикалык бюджет жана 2023-жылга отчету тууралуу мыйзам долбоорлору талкууланууда. Эл өкүлдөрү социалдык маселелерди, анын ичинде инфраструктураны, билим берүүнү жана калктын аялуу катмарын колдоону көтөрүп, каржылык мыйзам бузууларды сынга алышууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көтөрүлгөн көйгөйлөргө жооп берип, бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды сунуштоодо.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Ош шаарындагы медициналык мекемелердин абалын текшерди

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү ооруканалардын иши менен таанышып, дарыгерлердин жана бейтаптардын көйгөйлөрүн талкуулап, министрликтерге алып келүүнү убада кылды.

Нарындын 42 айылы таза суу менен камсыз болот

Нарын шаарында 42 айылды таза суу менен камсыздоо иштери уланууда. Төрт айылда долбоорлор бүткөрүлүп, 2026-жылга чейин 13 мектеп жана 8 медициналык мекеменин санитардык абалын жакшыртуу пландалууда.

Алымкадыр Бейшеналиев: Республикада 5500 медицина кызматкери жетишсиз болууда

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” тобу калктын сапаттуу дары-дармектерге жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн талкуулады. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын дары-дармектердин жетишсиздиги, санариптештирүү, ооруканалардын абалы жана медициналык кадрлар менен камсыздоо боюнча суроолоруна жооп берди. Депутаттар каржылоо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жоопкерчилиги жана оорулардын алдын алуу боюнча орчундуу маселелерди көтөрүштү.