
ОшМУнун медициналык клиникасында ашказан рагы менен ооруган бейтапка биринчи жолу операция жасалды.
Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында ашказан рагы менен ооруган бейтапка биринчи жолу операция жасалды. Операция төрт саатка созулуп, ийгиликтүү өттү. Клиника бардык түрдөгү операцияларды жүргүзүүгө жөндөмдүү жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган. Февраль айында заманбап лапароскоп киргизилет.








