
Кыргызстанда биринчи жолу спорттук-медициналык реабилитация борбору курулат
Кыргыз футбол союзу «Мүрөк» спорттук-медициналык жана реабилитациялык борборунун курулушун баштады. Бул борбор профессионал спортчулар үчүн биринчи атайын комплекс болуп, эл аралык стандарттарга жооп берет. Бишкектин Ленин районунда курулат. борбордо медициналык текшерүү, дарылоо жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү болот. Проект спортчулардын ден соолугун сактоого, карьерасын узартууга жана кыргыз спортунун атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга багытталган. Курулуш 2026-жылы аякталат.