Тег Мекендик

Элдик Банктан 8% менен ата мекендик автоунааларга жеңилдетилген автокредит

“Элдик Банк” жылына 8% үстөк менен ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя берүүнү баштоодо. Юридикалык жактарга 100 миллион сомго чейин, жеке жактарга 3 миллион сомго чейин кредиттер 60 айга чейинки мөөнөткө берилет. Бул программа автоөнөр жайды колдойт жана бизнести өнүктүрүүгө жардам берет.

Кыргыз опера жана балет театрынын жаңы сезону “Эне талаасы” спектакли менен ачылат.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 22-сентябрда 82-сезонун композитор Калый Молдобасановдун “Эне талаасы” балет-ораториясынын спектакли менен ачат. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде жазылган бул чыгарма кыргыз элинин музыкалык салтын, руханий байлыгын чагылдырат. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон балет согушта уй-булосун жоготкон Толгонай аялдын кайгылуу тагдыры женунде баяндайт, республикада да, чет елкелерде да ийгиликтуу коюлган.