
Чүй облусунда жаңы мини-футбол аянтчасы ачылды
Чүй облусундагы Малтабар айылында жаңы мини-футболдук талаанын ачылышы болду. Бул долбоор, жергиликтүү жаштар үчүн спорттук аянтча куруу боюнча элдин өтүнүчүнөн улам, КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан ишке ашырылды. Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, жаңы аянтчанын курулушу үчүн ыраазычылык билдиришти.







