Тег мектептерине

Кыргызстандыктар балдарын Москвадагы мектептерге киргизүүдө көйгөйлөргө туш болууда – элчиликтин комментарийи

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештер балдарын Москва шаарындагы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу учурундагы кыйынчылыктарды чечүү боюнча активдүү иш алып барууда. 2024-жылдын августунан тарта көптөгөн суроо-талаптар келип түшкөн, бул суроо-талаптар Орусиянын мамлекеттик органдарына жөнөтүлүп, жогорку деңгээлде консультациялар өткөрүлдү. Учурда мектептерде 224 бала орун күтүп, маселе элчиликтин көзөмөлүндө.