Бишкек, 10.04.25 /Кабар/. 2025-жылдын 5-7-апрелинде Мамлекеттик ипотекалык компания жана Элдик Банктын делегациясы Новосибирскиге барып, Россияда жашаган КР жарандарына турак жай менен камсыз кылууга жардам көрсөттү. Делегация КР жарандарына «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын негизги багыттары, катышуу шарттары, тандоо тартиби жана Кыргызстандагы курулуп жаткан объекттер тууралуу маалымат беришти. Иш-чарада Новосибирск, Томск, Кемерово облустары жана Алтай крайында иштеген 500дөн ашуун кыргызстандык камтылды. Кыргыз жарандары ипотекалык турак жай алуу үчүн электрондук кезекке арыз берип, Элдик Банктан ипотекалык эсептерди ачышты. Иш-чара Сибирь федералдык округундагы кыргызстандыктарды Кыргызстандагы турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекеттик турак жай колдоосу тууралуу маалымдоодо маанилүү кадам болду.