
Сүлүктү мэриясынын балансына 1,4 га жер тилкеси менен эт комбинаты өткөрүлдү
Бишкек, 28.07.25 /Кабар/. ГКНБ КР Сүлүктү шаарындагы мурдагы эт комбинатынын заводун жана анын 1,4 га аймагын мамлекетке кайтарды. Бул аймак 2000-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген. Учурдагы ээси заводдун аймагын Сүлүктү мэриясынын балансына ыктыярдуу өткөрүп берди.