Тег Мерсико

Техас университетинин профессорлору Кыргызстандагы мектептерге барат

Texas A&M AgriLife Extension профессорлору 7-октябрдан 11-октябрга чейин Кыргызстандагы мектептерди кыдырып, балдарга багбанчылыктын жана туура тамактануунун негиздерин үйрөтүүгө багытталган Жаш багбан программасына баа беришет. Делегация студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашат, ошондой эле программанын жана Moodle билим берүү платформасынын жыйынтыктары менен тааныштырат. Иш сапар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн программаны иштеп чыгууга салым кошот.

Жүз китепкана дээрлик 13 миллион сомдук мультимедиялык жабдууларды жана эмеректерди алды

Бишкек шаарындагы коомдук китепканалар Мерсико программасынын аркасында 12,8 миллион сомдук мультимедиялык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалды. Бул балдар адабиятынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат жана жаш окурмандардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырат. Программа ошондой эле китепканачыларды окутту, бул китепкананын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана балдарды китеп окууга үндөдү.