
Бишкекке жаңы автобустарды мэр көрсөттү (видео)
Бишкекке ноябрда келчү жаңы автобустар кара-ак түстө, 12 метр узундукта, 3 эшиктүү жана 28 орундуу. Ичинде кондиционер, видеокамера, монитор жана коляскалар үчүн пандус бар.

Бишкекке ноябрда келчү жаңы автобустар кара-ак түстө, 12 метр узундукта, 3 эшиктүү жана 28 орундуу. Ичинде кондиционер, видеокамера, монитор жана коляскалар үчүн пандус бар.

Квартиранын баасы локациясына жараша өзгөрөт, деп билдирди Чүй облусунун ГИК өкүлү Мырзагүл Сардарбекова. Бишкекте бир чарчы метрдин баасы 78,705 сомдон башталат. Баа саясаты көптөгөн факторлорго көз каранды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизделген күнүнөн тартып, 15 миңге жакын жаран батирге ээ болушту. Учурда өлкө боюнча 70 миң батир курулууда, алардын баасы локацияга жараша өзгөрөт.

Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулууда. 120 орунга ылайыкташкан объекттин аянты 1256 чарчы метрди түзөт. Тендердик баасы 79 млн сом, каржылоо республикалык бюджеттен.

Ат-Башин районунда Карибек уулу Акматаалы атындагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулууда. Долбоордун баасы 63 млн сом, каржылоо республикалык бюджеттен. 1025 кв. метрлик эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берет. Мектептин аймагында ачык спорт аянтчасы да курулат.

NASA жана башка эл аралык окумуштуулардын тобу 2024 YR4 астероидин ядролук курал менен жок кылууну караштырууда. Бул астероид 2032-жылы Айга урунушу мүмкүн. Окумуштуулар орбитаны өзгөртүү же ядролук жардыруу аркылуу астероидди жок кылууну сунушташат.

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылында жаңы бала бакча курулууда. Республикалык бюджеттен каржыланган долбоордун баасы 86 млн сомду түзөт. 140 орундуу бакчанын аянты 1398 чарчы метрди түзүп, жыл аягына чейин колдонууга берилет.

Ак-Тал айылында 90 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланып жатат. 2023-жылы башталган долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, учурда 76% аяктады. Бала бакча 892 чарчы метрди түзүп, заманбап эки кабаттуу имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана жана кабылдама каралган. Объектти быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалган.

Орнок айылында 100 орундуу заманбап шарттары бар эки кабаттуу бала бакча курулуп жатат. 78 млн сомдук долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, учурда 90% аяктады.

Ош шаарында жаңы 95 метрлик желек сабы орнотулат, ал учурдагы 45 метрлик желек сабын алмаштырат жана шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртат.