Жогорку Кеңештин төрагасы Орусиянын жаңы элчиси менен жолугушуп, эмгек мигранттарынын маселелерин талкуулады
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз-орус мамилелеринин келечегин, анын ичинде соода, миграция жана маданий кызматташтыкты талкуулады. Шакиев эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин жана парламенттер аралык диалогду активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Вакунов эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого аракет кылаарын ишендирди.