Бишкекте 2025-жылга республикалык бюджет жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өттү. Кирешелер жана чыгашалар, ошондой эле саламаттыкты сактоону каржылоо жана дары-дармектерди сатып алуу боюнча сунуштар талкууланат.
Жогорку Кеңештин комитети Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылдагы бюджеттеринин аткарылышы тууралуу отчетторду жактырды. Депутаттар пенсиялык топтоо, мураскорлорго төлөмдөр, ошондой эле медицина кызматкерлерин колдоо жана аймактарды дары-дармек менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” тобу калктын сапаттуу дары-дармектерге жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн талкуулады. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын дары-дармектердин жетишсиздиги, санариптештирүү, ооруканалардын абалы жана медициналык кадрлар менен камсыздоо боюнча суроолоруна жооп берди. Депутаттар каржылоо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жоопкерчилиги жана оорулардын алдын алуу боюнча орчундуу маселелерди көтөрүштү.