
Киргшелк айылында кийинки жылы заводдор жана фабрикалар ачылат
Киргшелк айылында келерки жылы 8 өндүрүш жайы ачылат. Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевдин айтымында, айылдар шаарга кошулгандан кийин, экономикалык зонага айландыруу максатында инвестиция тартуу пландалууда. Бул өндүрүштөр жергиликтүү калкка зыян келтирбестен, мебель, кийим, трансформатор жыйноо жана носки өндүрүү сыяктуу тармактарда иш алып бармакчы.