Жээнбек Кулубаев Бурунди мамлекетинин тышкы иштер министри менен жолугушту
БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бурундиден келген кесиптеши Альберт Шингиро менен жолугушту. Эки тараптуу мамилелер, БУУнун Коопсуздук Кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин колдоо жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды жана сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.