Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар уланууда. Биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков шайлоо участкалары менен таанышып, материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу, тазалыкты камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди. Участкалык комиссиялар жайгашкан бала бакчалар менен мектептерде санитардык тазалык максатында 16-18-ноябрда сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт.
Бишкекте жогорку технологиялык видеодубал жана 428 видеокөзөмөл камерасы менен жабдылган ИИМдин жаңыланган Кырдаал борбору ачылды. Мэрия тарабынан каржыланган долбоор коопсуздукту жакшыртуу жана окуяларга ыкчам чара көрүү максатын көздөйт. Ички иштер министринин орун басары шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкекте мэрдин биринчи орун басары менен жапон делегациясынын жолугушуусу болуп, анда шаар куруу, турак жай-коммуналдык чарба жана транспорт инфраструктурасы боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Борборлор ортосунда тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү күтүлүүдө.