Өзбекстанда өкмөттүн жаңы жетекчиси жана курамы дайындалды
Ташкентте Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйыны өтүп, анда Өзбекстандын министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди. Президент Шавкат Мирзиёев премьер-министрликке Абдулла Ариповдун, ошондой эле өкмөттүн 24 жаңы мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштады. Эски состав толук бойдон кайра шайланды.