Чүй облусунда бизнестин укуктарын коргоого арналган министрликтердин өкүлдөрү жана ишкерлер менен прокуратуранын жыйыны өттү. Ишкерлердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдөөчү органдардын кийлигишүүсүн болтурбоо боюнча чаралар талкууланып, текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугунун шарттары түшүндүрүлдү. Катышуучулар Business Protection мобилдик тиркемеси тууралуу маалымат алып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Ишкер 24 мобилдик тиркемесинде чакан жана орто бизнес үчүн негизги салык кызматтары жеткиликтүү, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар жана жол баракчалар менен иштөө. Салык реформасынын алкагында ишке киргизилген тиркемени буга чейин 25 миңден ашуун ишкер жүктөп алган.
Бишкекте кыргыз тилин А1 деңгээлинде үйрөнүүгө арналган “Оңой Кыргыз” мобилдик тиркемеси тартууланды. Иш-чаранын катышуучулары, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер интерактивдүү оюндар аркылуу тиркеменин функционалдуулугу жана аны колдонуу менен таанышты.