
Манас шаарында тез жардамдын санариптик диспетчердик кызматы ишин баштады
Манас шаарында тез жардамдын санариптик диспетчердик кызматы ишке кирди. Бул жаңы система чакырууларды автоматташтырылган режимде башкарууга, унаалардын жайгашуусун реалдагы убакытта көзөмөлдөөгө жана диспетчерлерге актуалдуу маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Тез жардам кызматынын бул жаңыланган форматы, ошондой эле, Кыргызстан боюнча экстрен медициналык жардамды жакшыртуу максатында ишке ашырылып жатат.








