Нарын шаарындагы ооруканада мамлекеттик сатып алуулардагы товарлардын баасын көтөрүүгө байланышкан коррупциялык фактылар аныкталды. Мамлекетке 5,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, башка дагы мүмкүн болгон кылмыштар иликтенип жатат.
Муса Катаганов Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Ар кандай мамлекеттик органдарда иштеген тажрыйбасы бар, экономика боюнча жогорку билимдүү, үч баланын атасы.
Гүлшат Асылбаева Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын жетектеп, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Бишкекте Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери эттин дүң баасына мониторинг жүргүзүп, уй эти 470 сомдон 540 сомго чейин, козу этинин 510 сомдон 530 сомго чейин баасын аныкташкан. Сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол берилбестиги жана монополияга каршы мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Бишкекте ири соода түйүндөрүнүн катышуусунда эттин баасы боюнча жыйын өттү. Рынок көйгөйлөрү жана бааларды көзөмөлдөө чаралары, анын ичинде монополияга каршы мыйзамдардын сакталышы жана Кызматка кайтарым байланыш талкууланды.