11-14-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик уюштурган мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери үчүн семинарлар өттү. Окутуу сатып алуулардагы айкындуулуктун принциптерин киргизүүгө жана адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган. Семинардын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардагы сатып алууларды, ошондой эле билим берүү мекемелери жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Бишкекте шаардык кызматтардын коллегиясы өтүп, анда муниципалдык ишканалардын отчеттору жана 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата пландары талкууланды. Вице-мэр Талайбек Байгазиев кызматкерлерди ресурстар менен камсыздоо зарылдыгына жана шаардын энергетикалык коопсуздугу үчүн жетекчилердин жоопкерчилигине токтолду. Ошондой эле чыгымдарды оптималдаштыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.
Бишкек шаарында мэрдин төрагалыгы алдында коллегия өтүп, анда муниципалдык чарба тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы жана 2024-2025-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыктар талкууланды. Иш тартибин чыцдоо, инфраструктураны кышка даярдоо боюнча чаралар керулду.