Тег Муратбек Азымбакиев

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясына, анын ичинде Келечек саммитине жана жалпы дебаттарга катышуу үчүн барат. Сапардын алкагында жогорку даражалуу дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуулар да бар.

Садыр Жапаров “Борбор Азия – Германия” лидерлеринин экинчи жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Германиянын канцлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга барат. Негизги көңүл чөлкөм менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкка, анын ичинде ишкерлер менен жолугушууларга жана канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө бурулат.