Тег MurooSystems

Япониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭСтерди жана күн электр станциясын курууга 100 миллион доллар инвестиция салат

Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияда “MuroSystems Corporation” компаниясы менен жалпы кубаттуулугу 125 МВт чейин боло турган чакан ГЭСтерди жана күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол койду. Жапон компаниясы долбоорлорго 100 миллион долларга чейин инвестиция салууга даяр. Ибраев ошондой эле пландалган Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору үчүн маанилүү болгон бетон дамбаларды куруунун технологиялары менен таанышты.