Тег Мусулмандар

Дин жана коом: Манипуляциядан кантип сактануу керек?

Президент Садыр Жапаров муфтияттын ыйгарым укуктарынын маанилүүлүгүнө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн диний ишмердүүлүктү жөнгө салуу зарылдыгына басым жасап, “Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо демилгесин көтөрдү. Ал мамлекет диний ишмерлер менен кызматташууга ачык экенин жана дааватка тыюу салынбаганын, бирок коопсуздук чараларын эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи. Адистер демилгени колдоп, чыныгы динчилдер коомдогу тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого багытталган чараларды колдой турганын баса белгилешти.

Кыргызстанда 2025-жылкы ажылык сапарга баруучуларды каттоо 7-октябрдан тарта башталат

Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылык сапарга каттоо 2024-жылдын 7-октябрында башталат. Катышуу үчүн Элдик банкка 2 миң доллар жана 1200 сом өлчөмүндө биринчи салым кошуу керек. Бул суммалар кайтарылбайт жана жергиликтүү жерлерде катталууга тийиш.