Тег #МВД

Равшанбек Сабиров миграция маселелерин РФ ИИМ өкүлдөрү менен талкуулады

Кыргызстандын эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Равшанбек Сабиров Россиянын ИИМ миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандыктардын Россиядагы легалдаштыруу иштери талкууланды. Кыргыз тарап РФ өкмөтүнүн чет элдик жарандардын кирип-чыгуу эрежелерин сыноо боюнча токтомуна тынчсыздануусун билдирди. Тараптар кыргызстандыктардын Россиядагы укуктук статусун жөнгө салуу боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.

Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички аскерлеринде Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанат өттү. Командир Дамир Алыбаев кызматкерлерди куттуктап, мыкты аскерлер сыйланды. Иш-чара концерт менен аяктады.

Жигит жогорку кызматтагы адам болуп көрүнүп, жабырлануучулардан акча алдап жүргөн

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. ИИМ шылуундукка шектелген жаранды кармады. Э.Э. аттуу жаран Whatsapp аркылуу жогорку кызмат адамдарынын атынан акча алуу максатында билдирүүлөрдү жөнөткөн. Тергөө иштери уланууда.

Ленин РИИБ жана Кара-Суу РИИБ жетекчилери менен кызматкерлери окуучулардын өлүмүнө байланыштуу кызматтарынан бошотулду.

Бишкек шаарында жана Ош облусунда мектептеги жаңжалдардан улам балдардын каза болушуна байланыштуу ички иштер органдарынын жетекчилери кызматтан бошотулду, 19 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды.