Саудиялык компания Кыргызстанда кубаттуулугу 900 МВтка чейин күн энергиясын өндүрүүнү баштайт
Эр-Риядда Кыргызстандын элчиси У.Марипов менен Fas Renewable Energy компаниясынын менеджери Бабу Ануптун жолугушуусу болуп, анда күн энергиясы тармагындагы кызматташуу талкууланды. Элчи Саудиянын компаниялары менен байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Аноп 900 МВтка чейин кубаттуулуктагы долбоор боюнча келишимге кол коюуга даярдыктарды жарыялады. Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүү үчүн биргелешип иштөөнү улантууну макулдашты.