Баткен бажысынын жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзам бузууну аныкташты: Mercedes-Benz Sprinter 414 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан документи жок 6 миң даана швейцариялык дары-дармектер табылган. 3 миллион сомдук товар убактылуу сактоого өткөрүлүп берилди.
Баткен бажысынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте Ош-Баткен унаа жолунда мыйзам бузуу фактысын аныкташты. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаадан 1800 кг документи жок бодо малдын баштары табылып, 7500 сом айып салынып, зыяндуу продукцияны утилизациялоо боюнча акт түзүлдү.
"Северная" темир жол бажысы Түштүк Кореядан Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унааны алып келүүдө мыйзам бузууну аныктады. Автоунаа өз убагында берилбей, Кара-Суу районунун тургунунан табылган. Келтирилген чыгым дээрлик 891 миң сомду түздү.